• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда 12 өлкөнүн компаниялары катышкан «Kyrgyz Build 2017» эл аралык жармаңкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргызстанда «Kyrgyz Build 2017» 15-маарекелик эл аралык жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу КР Мамкурулуш басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жыл сайын өтүүчү «Kyrgyz Build 2017» эл аралык курулушу жармаңкесинин ачылышы болот. Иш-чарага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 64 компания катышат.

Иш-чараны «BiExpo» жармаңке компаниясы жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба агенттиги уюштурууда.

Көргөзмөнүн ачылышына салттуу түрдө КР Президентинин жана Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, КРнын тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, экспозициянын катышуучу өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле, Кыргызстандын жана чет элдик ири тармактык ишканаларынын жана бизнес түзүмдөрүнүн топ-менеджерлери катышат.

“Быйыл маарекелик экспозицияга дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 64 компания катышат. Булар Россия, Казакстан, Беларусь, Украина, Кытай, Түркия жана Кыргызстандан биздин ишенимдүү салттуу катышуучу компаниялар. Ошондой эле, Германия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынан, Италия, Швейцария, Польшадан компаниялардын катышуусун жана Кыргызстандын ири өндүрүүчү заводдорунун 110 расмий өкүлү стенддери менен катышарын белгилеп кетүү керек”, -деп белгилешти ведомстводон.

«Kyrgyz Build 2017» жармаңкеси аянтта беш багытта өндүрүүчүлөрдү жана дистрибьюторлорду бириктирет: «Kyrgyz Build» - “Курулуш жана интерьер, жылуулук жана вентиляция, терезе, каалга, фасаддар”, «Energy Expo» - “Энергетика жана жарык берүү, калыбына келүүчү жана салттуу эмес энергия булактары”, «Realty Expo» - “Кыймылсыз мүлк жана инвестициялар”, », «Kyrgyz Comex» - “Жол курулушу, атайын техника жана камсыздоочу жабдыктар” жана «SPEX» - “Өнөр жай коопсуздугу, куткаруу каражаттары жана өрткө каршы коргонуу”.

«Kyrgyz Build 2017» жармаңкесин КР Өкмөтү, КР Транспорт жана жолдор министрлиги, КР Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, Улуттук энергетика холдинги компаниясы, КР Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик инвестиция жана экспорт агенттиги расмий колдоо көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий