• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда Европа биримдигинин жогорку сүйлөшүүлөрү өтөт

Саясат 0

Бишкек, 7-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда 8-июнда Европа биримдиги – Борбор Азия саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Сүйлөшүүлөрү өтөт. Бул тууралуу КР ТИМ экинчи саясий департаментинин директору Канат Турсункулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Сүйлөшүүлөргө Борбор Азия жана Афганистан өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын орун басарлары, Европа тышкы аракеттер кызматынын саясий маселелер боюнча башкы катчысынын орун басары катышат.

“Сүйлөшүүлөрдүн алкагында БА боюнча ЕБ стратегиясын жана кызматташуунун аспектилерин, анын ичинде радикализм жана терроризм маселелерин талкуулоо пландалууда. Мындан тышкары Борбор Азия ичинде жана айланасында кызматташуу мүмкүндүктөрү талкууланат”, - деди ал.

К.Турсункулов иш чаранын катышуучулары Афганистандагы абалдын БА өлкөлөрүнө тийгизген таасирин жана кызматташуу тармактарын талкуулоону мерчемдеп жатышкандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий