• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Марат Нуралиев Катардын эмирине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы эчиси Марат Нуралиев Катар мамлекетини эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчи Нуралиев президент Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Катардын эмиринин Катарга сапар менен келип кетүү чакыруусуна президентин атынан ыразычылык билдирди.

Катардын эмири элчиге өз милдеттерин аткарууда ийгиликтерди каалап, Катар менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди ар түрдүү тармактарда тыгыз кызматташууга карай илгерилетүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий