• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«КРдагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун максаты — бул Мыйзамды 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык келтирүү.

Тактап айтканда “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамындагы үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамын караштырган кирешелердин катарынан өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялар алынган.

Мыйзам 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий