• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Президент 0

Бишкек, 20.04.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча бир катар судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Өз каалоосу менен төмөндөгү жергиликтүү соттун судьялары кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду:

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калыбеков Урмат Анварбекович;

- Бишкек шаардык сотунун судьясы Өмүралиева Анара Медербековна;

- Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Барынбаев Жеңишбек Базармаматович.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Ибраимова Жылдыз Белековна отставкага кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий