• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузуулар аныкталган жок — Зулушев

Коом 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Аскер прокуратурасы кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузууларды тапкан жок. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, атайын операциянын жүрүшүндө Көлбаев куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин жок кылынган.

"Ошол күндөн тарта биз кармоонун жана аны жок кылуунун мыйзамдуулугун көзөмөлгө алдык. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталган жок. Иш УКМКга өткөрүлүп берилди. Эгер чекисттер тарабынан бузуулар болгондо Аскер прокуратурасы иш жүргүзмөк. Андай фактылар аныкталган жок", - деди ал.

Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) Бишкекте кармоо учурунда жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий