• 88.68
  • 95
  • 0.95

Келечек конушуна бала бакча курууга тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бишкектин Келечек конушуна бала бакча курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тендер Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган.

"Тендер чектөөсүз, эки пакеттик сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 23-июнда 57 млн 305 миң 39 сомго жарыяланды. Сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 7-июлу", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий