• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санкт-Петербургда кармалгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Санкт-Петербургда экстремизмге азгырууга шектелип россиялык атайын кызматтар тарабынан кармалгандардын арасында кыргызстандыктардын бар экендигин аныктап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кыргызстандыктардын кармалгандыгы тууралуу РФ атайын кызматтары азырынча КРнын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө расмий маалымат бере элек.

Эскертек кетсек, 5-мартта ФКК жан ИИМ кызматкерлери Россияга иштегени барган Борбор Азия республикаларынын 6 жаранын кармашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр 2015-жылдын ноябрынан азыркы мезгилге чейин Санкт-Петербургдун аймагында Борбор Азия республикаларынан келгендерди террористтик кылмыштарга жана Россиялык террористтик «Джебхат ан-Нусра», «Ислам мамлекети» уюмдарынын ишмердигине аралашууга азгырып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий