• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын жана Азербайжандын ТИМдери аймактык уюмдардагы өз ара кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар азыркы абалды жана эки тараптуу өз ара кызматташтыктын бардык спектрлери боюнча алдыдагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара кызматташтыгынын маселелери козголду.

Пикир

Оставить комментарий