• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КСДП фракциясы КРда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөөнү колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. КСДП парламенттик фракциясы кезектеги жыйында Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө токтомунун долбоорун колдоду.

Маселени талкуулоодо фракция мүчөлөрү Кыргызстанда гана Улуу Октябрь Социалисттик революциясы күнү катары мурдагы аталыш сакталып калганын айтышты.

Депутаттар Кыргызстан элинин жашоосундагы оң өзгөрүүлөрдү жана трагедиялуу окуяларды эстеп жүрүү маанилүү экенине кошулушту.

КСДП фракциясынын мүчөлөрү 7чи жана 8-ноябрда жыл сайын улуттук жана жергиликтүү деңгээлде кыргыз мамлекеттүүлүгүнө таасирин тийгизген тарыхый окуяларды эскерүүнүн маанисин баса белгилешти.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 26-октябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 7-чи жана 8-ноябрда жыл Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.

Жарлыкта белгиленгендей, мындай чечим “1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатында, ошондой эле ата-бабалардын элесине таазим этүү менен” кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий