• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалбыракты өрттөгөндөргө 10 миң сом айып салынат

Коом 0

Бишкек, 27.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Таштандыны жана жабыракты өрттөгөндөргө 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Мыйзам бузуп, андай кадамга баргандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы “Ачык асмандын” демилгеси менен биргеликте жалбырактарды өрттөгөндөр айыпка жыгыла тургандыктарын айтып, шаар тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматта айтылгандай, жалбыракттарды өрттөгөндөр КР административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске ылайык 489-берене боюнча 10 миң сом айыпка жыгылышат.

Ошондой эле мэрия мындай көрүнүштөр тууралуу Call-борборго “185” номери аркылуу жана 65-81-59 чалып, кабар берип коюуну суранат.

Пикир

Оставить комментарий