• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Сот танапис жарыялады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.08.19 /Кабар/. Бүгүн, 5-август күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун жана 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Соттук отурум башталып, бирок жактоочулардын бири кечигүүдө. Сот 20 мүнөттүк танапис жарыялады. Ошондой эле жабырлануучу тараптан эки өкүл жана күбөлөр келиши керек.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий