• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун соту: Кезектеги отурум башталды

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Бүгүн, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун жана дагы 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочу Сергей Слесарев кылмыш ишинен “Дастан” ААК боюнча материалды өзүнчө өндүрүшкө алуу боюнча өтүнүч келтирген.

Мамлекеттик айыптоочулар буга карата каршы чыгып, мындай өтүнүчтөр менен жактоочу иштин каралуусун созуп жаткандыгын айтышкан.

Сот Кубанычбек Касымбеков жактоочунун суранычын канааттандырган эмес.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий