• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев “Азия кызматташтык диалогу” уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ТИМдеринин 18-жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Азия кызматташтык диалогу” (АКД) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 18-жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жыйын күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өттү.

Өз сөзүндө Кулубаев регионалдык жана эл аралык интеграция Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, АКДга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда көп тараптуу жана эки тараптуу форматта экономикалык, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, министр жаратылыш кырсыктарына, эл аралык экономикалык кризиске жана глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы аймактарында болуп жаткан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча АКДнын алкагында күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык кырдаалдын актуалдуу маселелери боюнча, ошондой эле саясий өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, экономикалык өнүгүүнү тереңдетүү жана ДСАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Маалымат үчүн: Азия кызматташтык диалогу (АКД) - айыл чарба, маданият, туризм, билим берүү, энергетика, суу менен камсыздоо, жакырчылыкты жоюу ж.б. сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдө Азиядагы кызматташууга байланышкан маселелер боюнча консенсуска негизделген чараларды, диалогду, кеңешмелерди кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн түзүлгөн мамлекеттер аралык форум.

Кыргыз Республикасы АКДга расмий түрдө мүчө болуп 2008-жылдын 16-октябрында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий