• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-22-сентябрь күндөрү жер астындагы орточо басымдагы газ түтүктөрүн жылдырууга байланыштуу шаардын Курманбек, Абдрахманов, Нефтяников, Геологдор, Могол, Баетов, Ватутин, Толбухин көчөлөрүнө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий