• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев ТМУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министрлер келе жаткан ТМУнун 10-саммитинин күн тартибин талкуулашты, ошондой эле мамлекет башчыларынын кеңешине кол коюуга сунушталган документтердин долбоорлорун карап чыгышты жана макулдашышты.

Өзбекстандын төрагалык кылуусунун жыйынтыктары, ошондой эле Казакстандын ТМУдагы кийинки төрагалыгынын артыкчылыктары каралды.

Министрлер ошондой эле уюмдун алкагында тармактык кызматташуунун негизги багыттарына, анын ичинде экономика жана транспорт тармагына басым жасашты. Бул контекстте 2023-2027-жылдарга ТМУнун Транспорт программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы (жол картасы) бекитилди.

Министр Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө өз ара сооданы активдештирүү, Уюмга мүчө мамлекеттерде транспорттук потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты, анын ичинде тиешелүү түрк уюмдарынын алкагында мындан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк мамлекеттеринин түрдүү тармактардагы өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттары жана түрк кызматташтык уюмдарынын алкагында кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле ТМУ менен башка эл аралык жана региондук уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн абалы жана перспективалары да белгиленди.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун жыйынтыгында тараптар ТМУнун алкагында артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган күч-аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты

Пикир

Оставить комментарий