• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент: Ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу багыты — калктын жашоосун жакшыртуу

Президент 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында "Улуттук өнүгүү форуму-2023: "Жакырчылык жана теңсиздик" форуму өтүүдө.

Форум Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видео кайрылуусу менен башталды.

Президент 2023-жылдагы Улуттук өнүктүрүү форумунун катышуучуларына болгон кайрылуусунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты катары калктын жашоосун жакшыртууну атады.

"Жалпы элибиздин гүлдөп-өнүгүшү менин негизги максатым болуп саналат! Учурда мамлекеттик бийликтин бардык тутуму алдында дал ушул милдетти коюудамын. Кыргызстанда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюу мамлекеттин жалпы экономикалык, финансылык жана социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыты болушу тийиш", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий