• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кумтөр иши. Сот Асылбек Жээнбековду камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Бишкек шаардык соту 11-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго карата баш коргоо чарасын өзгөртпөй, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакка алынган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий