• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кумтөрдүн» эки кызматкери табыла элек: Кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. «Кумтөр» кенинде болгон кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана жоголгон эки кызматкерди издөө боюнча атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Штабдын курамына КРнын тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген.

«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. «ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу болуп, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар түнү да издөө иштерин жүргүзүүдө», - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж.Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.

Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий