• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кворум бар, парламенттин кезексиз жыйыны башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттардын кворуму чогулду. Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарында өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө Жарлыгын бекитүү маселесин карашы керек болчу.

Ошондой эле парламентчилердин күн тартибинде өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү турат. Бирок депутаттар азырынча кимдин программасы караларын айта элек.

Эскерте кетсек, жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий