• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков Сауд Арабияга учуп кетти – коштоп кеткендердин тизмеси

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегациясы Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Расмий иш-сапардын алкагында Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Аш-Шура Мажлисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жана Курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри Абдулрахман А.Альфадли менен эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү күтүлүүдө. Андан тышкары, парламенттик делегация Соода палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Ажнан Аль-Ажнан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Сауд Арабия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин жаңы имаратына барышат.

Белгилей кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны өкмөт өкүлдөрү менен Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий