• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кырдаалдык борбор”: Бажыдагы жүк, транспорттун өтүшүн эсепке алып, түз чагылдырып турат

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйын учурунда бажы кызматы бажы башкарууну санариптештирүү жана соода жол-жоболорун жеңилдетүүнүн алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырганын билдирди.

Анын айтымында, “Кырдаалдык борбор” автоматташтырылган маалымат системасы иштей баштады. Ал аркылуу онлайн көзөмөлдү бажы кызматынан сырткары, президент, министрлер кабинети, анын ичинде Каржы министрлиги жүргүзөт.

“Бул система товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү бекеттери аркылуу өтүүдө бажылык администрлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат. Ошондой эле товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүшүн эсепке алууну автоматташтырууну жана бажы операцияларынын бардык этаптарында ачык-айкындуулукту камсыздайт. Аталган борбор бажы кызматынын негизги статистикалык көрсөткүчтөрүн чагылдырып турат. Ошентип, бүгүнкү күндө дээрлик реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар”, - дейт ал.

Исабеков кошумчалагандай, “Кырдаалдык борбордо” унаалардын номерлерин таануу функциясы бар камералар иштейт.

Эскерте кетсек, буга чейин “Кабар” маалымат агенттигине Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маек куруп, аталган борбор туурасында маалымат берип өткөн.

Пикир

Оставить комментарий