• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-герман кызматташтыгын илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кечээ, 3-февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Экономика жана туруктуу өнүгүү» департаментинин директору Михаель Клор-Берхтольд менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» демилгесинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле, климаттын өзгөрүшү көйгөй боюнча Кыргызстан менен Германиянын эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Кыргызстандын элчиси Э.Абдылдаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган натыйжалуу жана ишке ашырыла турган долбоорлордун негизинде Германиянын бул регионалдык демилгесин биргелешип жүзөгө ашырууга Кыргызстандын кызыкчылыгын белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Э.Абдылдаев 2021-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда «Европа Бирлиги - Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун» өткөрүү пландары жөнүндө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий