• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германиядагы кыргыз диаспорасына жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.05.23./Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Франкфурт-на-Майне шаардык кеңешинин тɵрайымы Хилиме Арсланер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана Германиядагы кыргыз диаспорасына германиялык жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Шаардык кеңештин тɵрайымы Х.Арсланер Франкфурт-на-Майне шаарындагы коомдук уюмдар жана мигранттар менен бирге алып бара жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди жана кыргыз диаспорасынын ɵкүлдɵрү менен да кызматташууга даярдыгын билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушууга Германиядагы кыргызстандыктардын "B.I.Z" ("Bildung. Initiative. Zusammenarbeit" - "Билим. Демилге. Кызматташтык") уюмунун тɵрайымы АселЫ Сайраан-Дамир катышты.

Пикир

Оставить комментарий