• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-индия эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда КР Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, туризм, киноиндустрия, айыл чарба жана башка тармактардагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Элчи А.Димри айыл чарбасынын даяр продукциясын өндүрүү боюнча биргелешкен кооперативдерди түзүү, ошондой эле кыргыз дары өсүмдүктөрүнүн касиеттерин изилдөө жана алардын каталогун түзүү боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Директордун орун басары С.Ибраев учурдан пайдаланып, Индия Республикасынын күнү улуттук майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, кыргыз-индия биргелешкен долбоорлорун жүзөгө ашырууга тараптардын аракеттери жакын арада практикалык ишке ашаарына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, жана 2021-жылы кайчылаш Достук жана маданият жылына арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча көз караштары менен алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий