• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОго каттатуу демилгеленди

Спорт 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жумабековдун пикиринде, кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун тизмесине каттатууга жетишүү, кыргыз элинин тарыхында чоң бир из болуп калат.

Шамиев федерациянын ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште кыргыз балбандары бардык 7 алтын медалды камсыз кылышкандыгын билдирди.

Ошол эле маалда Кыргыз күрөшү федерациясынын бир катар өлкөлөрдө филиалдары ачылып, эл аралык федерация статусуна ээ болгон. Мындан тышкары Шамиев 2019-жылы биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландаштырылып жатканын айтып, Жогорку Кеңештин төрагасынан олуттуу турнирди өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий