• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-катар кызматташтыгынын билим берүү тармагындагы абалы жана келечеги талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын билим берүү жана жогорку билим берүү министри доктор Мохаммед Абдулвахид Аль-Хаммади менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын билим берүү тармагындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

2014-жылдын сентябрында Доха шаарында кол коюлган КР өкмөтү менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илимий-изилдөө тармагында кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында эки мамлекеттин профилдик органдарынын жана жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана ар кандай өз ара сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий