• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган 890 айдоочуга ысык тамак таратылды

Коом 0

Бишкек, 1.12.17 /Кабар/. ӨКМ кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдары кыргыз-казак чек арасынданы көзөмөл-өткөрмө жайында кезекте турган айдоочуларды ысык тамак-аш менен камсыз кылууну улантууда.

ӨКМдин берген маалыматына ылайык, 30-ноябрда Чүй облусунун «Ак-Тилек» өткөрмө жайында оор жүк ташуучу унаалары менен кезекте турган 690 айдоочуга тамак-аш таратылган.

Андан сырткары, Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «Чоң-Капкан» өткөрмө жайында кезек күтүп турган 200 айдоочуга тамак-аш берилген.

ӨКМдин берген маалыматына ылайык, айрым оор жүк ташуучу унааларда 2-3дөн айдоочу бар.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн.

Андан бардыгынан көп тез бузулуучу азык-түлүктөрү менен чек арада турган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары зыян тартууда.

Тараптар өз ара макулдашып, 19-ноябрдан тарта жүргүнчүлөрү менен бара жаткан жеңил унааларды жана жүгү менен турган жеке адамдарды өткөрүүнү жеңилдетүүнү макулдашышкан.

Пикир

Оставить комментарий