• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү жайлары убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булун авто жол" жана "Токмок-авто жол" өткөрүү жайлары убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы "Кең-Булун авто жол" жана "Токмок-авто жол" өткөрүү жайлары 2022-жылдын 7-январынан тартып жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулган.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы калган өткөрүү жайлары, тактап айтканда Чүй облусунда "Ак-Тилек-авто жол", "Ак-Жол-авто жол", "Чалдыбар-авто жол" өткөрүү жайлары Талас облусунда "Чоң-Капка-авто жол" жана Ысык-Көл облусунда "Каркыра-авто жол" өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде иштеп жатышат.

Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал 2022-жылдын 7-январына саат 09.00 карата туруктуу деп мүнөздөлөт.

Пикир

Оставить комментарий