• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктарында 600дөн ашык унаа топтолду

Коом 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бүгүн, 23-августка карата "Ак-Тилек-автожол" жана "Кең-Булуң-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайларында топтолгон жүк ташуучу унаалардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында 493, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайында 146 автоунаа Кыргызстандан чыгуу үчүн кезек күтүп турат.

"Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан. Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга медициналык, психологиялык жактан жардам жана кеңеш берилип, ысык тамак уюштурулган.

Ошол эле учурда КР Айыл чарба министрлигинин сугат тармактары боюнча илимий-изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Улан Чортомбаев Facebook баракчасына казак тарап аларды суу менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Кыргызстандан келген унааларды өткөрбөй жатканын айтып, казак бийлигине кайрылуу жасаган.

Бирок, КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Киров суу сактагычынан суу берүү токтотулгандан кийин казак тараптын Кыргызстанга дооматы жок экенин билдирип, бул кечээ эки тараптуу телефондук сүйлөшүүлөрдө тастыкталганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий