• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдайдан ишкерлердин тарткан зыяны миллиондоп бааланууда

Экономика 0

Бишкек, 30.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандын Казакстан менен көзөмөлдөө-өткөрмө пункттарындагы жүк унааларынын кармалышынан пайда болгон зыян миллиондогон сомдорго бааланууда, бирок так суммасын эсептөө учурда өтө кыйын. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги жыйында рыноктор, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

Анын айтымында, зыяндардын так суммасын аныктоодогу кыйынчылыктар товарларды экспорттоодо миңдеген субъекттердин катышуусу жана алардын ар бири белгилүү бир жоготууларга учураганы менен байланыштуу.

“Так суммасын жүк унаалары белгиленген жерине жеткенде эсептеп чыгууга болот. Кечээ жакында бир транспорттук компаниянын өкүлдөрү чек ара көйгөйдөн улам 5,5 млн сом зыян тартканын билдирди ”, - деп белгиледи Пономарев.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал курчуп баштаганда Кыргызстандын жүк унааларын казак-россия чек арасындагы рентген бар Троицк жана Петухово өткөрмө пункттарына жөнөтүшкөн. Ошентип жүк унаалары 2,5 миң чакырым аралыкты жүрүп күйүүчү май жана убакыттан зыян тартышкан.

Эскерте кетсек, Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Кийин 18-октябрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, адамдар, жүргүнчүлүк унаалар жана бош жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу өткөрүү тартибин камсыздоо тууралуу макулдашылган.

Бүгүнкү күнү жүк жүктөлгөн унаалардын көйгөйү чечилбей турат. Аларды чек арадан өтө жай өткөрүшүп же таптакыр эле өткөрбөй коюшууда. Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстан жана Казакстан өткөрмө пункттарында жүк унааларынын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болду.

2017-жылдын 25-октябрындагы Еревандагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Казакстан Кыргызстанды чек арадагы бажы көзөмөлүнүн начардыгынан Кытайдан аткезчилик товарларды ташууга жол берилип жатканына айыптады. Чек арадагы кырдаалды дал ушул менен түшүндүрүштү. Кыргыз тарап Казакстан өкмөт башчысынын билдирүүсүнө жооп катары такталбаган товарлар көйгөйү бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бар экенин маалымдады. Ал эми Казакстанда аткезчиликтин көрсөткүчү Кыргызстандыкы менен бирдей.

Жыйынтыгында, тараптар ЕАЭБ жыйынында чек ара маселесин жөнгө сала алышкан жок. Кыргызстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий