• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күйүүчү-майлоочу материалдар жетиштүү көлөмдө – Керималиев

Экономика 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдар жетиштүү көлөмдө. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө дыйкандар күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыздалган. “Күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү боюнча Айыл чарба министрлиги Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен меморандум түзгөн. Ага ылайык ассоциация дыйкандарды май менен камсыздоодо. Бардык аймактарда күйүүчү-майлоочу май жетиштүү”, - деп кошумчалады ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, республика боюнча дизел отуну 43 сом 50 тыйындан сатылууда, ал 2019-жылга караганда 1 сом 70 тыйынга арзан.

Пикир

Оставить комментарий