• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өкмөт материалдык резервдер фондунан Ош облусуна 1 миң 300 тонна ун бөлүп берди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Өкмөт материалдык резервдер фондунан Ош облусуна 1 миң 300 тонна ун бөлүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине, Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларына, саламаттыкты сактоо жана тартип сактоо кызматкерлерине бөлүнүп берилет.

Андан кийинки категорияда күнүмдүк жумуш менен алектенип үй-бүлөсүн баккан жарандарга атайын жергиликтүү бийликтин жана элдик кошуундардын, социалдык коргоо кызматкерлеринен түзүлгөн комиссиянын чечими менен ачык -таратылууда.

6-апрелге Ош облусу боюнча матрезевден 680 тонна ун акысыз таркатылып бүттү. Анын ичинен өзгөчө абал киргизилген Кара-Суу жана Ноокат районунда 220 тонна жеткирилди.

"Эми дагы 630 тонна ун таркатылат. Мындан сырткары, ишкерлер жана меценаттар тарабынан 680 тонна ун жардам катары таратылып берилген. Алдыда Өзбекстан мамлекетинен жардам катары келген унду да тийиштүү министрликтин макулдашуусу менен таратуу каралган. Учурда Ош облусундагы жазгы талаачылык жана дан азыктарын айдоо жумуштары толук кандуу жүргүзүлүп жатат", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий