• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга чыдап коюу керек- Исаков

Өкмөт 0

Бишкек, 30.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга чыдап коюу керек. Бул тууралуу өкмөттүн чек арадагы кырдаалдан жабыркаган ишкерлерге мамлекеттик колдоо чараларын кабыл алуу боюнча жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы кырдаал өзгөрүүсүз калууда жана бир нече чакырымдарга созулган жүк унааларынын кезеги алигиче турат.

“Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдын кесепетинен жабыркаган атамекендик ишкерлерге колдоо чаралары боюнча токтом даярдады. Мен казактар кыргыздар үчүн боордош эл экенин белгилеп кетким келет. Кандай жагдай түзүлбөсүн биз боор эл бойдон калышыбыз зарыл”, - деген Исаков, бул маселе боюнча казак тарап менен бир нече жолку сүйлөшүүлөр өткөнүн эскертти.

Премьер-министр эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалга чыдап коюу зарылдыгын белгиледи.

“Ошол эле учурда чек арадагы абалдан жапа чеккен ишкерлерге жана ташуучуларга биз колдоо көрсөтүүгө тийишпиз”, - деп кошумчалап, кырдаал өзгөрүшү керектигин баса белгиледи.

Өкмөт башчы жүк унааларынын жарымынан азы кыргызстандыктарга, жарымы – казакстандыктарга таандык, ал эми калгандары үчүнчү өлкөлөрдөн келген.

Эскерте кетсек, Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Кийин 18-октябрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, адамдар, жүргүнчүлүк унаалар жана бош жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу өткөрүү тартибин камсыздоо тууралуу макулдашылган.

Бүгүнкү күнү жүк жүктөлгөн унаалардын көйгөйү чечилбей турат. Аларды чек арадан өтө жай өткөрүшүп же таптакыр эле өткөрбөй коюшууда. Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстан жана Казакстан өткөрмө пункттарында жүк унааларынын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болду.

2017-жылдын 25-октябрындагы Еревандагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Казакстан Кыргызстанды чек арадагы бажы көзөмөлүнүн начардыгынан Кытайдан аткезчилик товарларды ташууга жол берилип жатканына айыптады. Чек арадагы кырдаалды дал ушул менен түшүндүрүштү. Кыргыз тарап Казакстан өкмөт башчысынын билдирүүсүнө жооп катары такталбаган товарлар көйгөйү бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бар экенин маалымдады. Ал эми Казакстанда аткезчиликтин көрсөткүчү Кыргызстандыкы менен бирдей.

Жыйынтыгында, тараптар ЕАЭБ жыйынында чек ара маселесин жөнгө сала алышкан жок. Кыргызстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий