• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз өкмөтү Казакстандын бийлиги тараткан маалыматка жооп кайтарды

Саясат 0

Бишкек, 12.10.17./Кабар/. Кыргызстандын өкмөтү Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматынын тараткан маалыматына жооп кайтарды.

КР өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, КР премьер-министри Сапар Исаковдун Facebook тармагындагы баракчасында өкмөт башчы Казакстандын президенти Н.Назарбаев менен чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктуларындагы кырдаал боюнча сүйлөшкөнү көрсөтүлгөн. Бирок анда эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөр болгону жөнүндө жазылган эмес.

Сүйлөшүүдө Н.Назарбаев абалды түшүнүү менен кабыл алып, бардык топтолгон маселелерди чечүүгө буйрук бере тургандыгын айткан.

“ЖЕЭКнин тар чөйрөдөгү жыйыны аяктаган кезде башка катышуучулардын көзүнчө премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президентине маселени тез арада чечкендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген. Назарбаев өз учурунда ар дайым эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына салым кошууга даяр экенин айткан”,- деп айтылат билдирүүдө.

КР Өкмөтү казак тарап тез аранын ичинде чек арада жүргүзүлүп жаткан пландык иш-аракеттерин аяктап, көзөмөл өткөрүү жайларындагы иш мурдагыдай калыбына келет деген ишенимде.

Пикир

Оставить комментарий