• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-корей киносу: биргелешип иштөөгө убакыт келди

Маданият 0


Кыргызстан менен Корея маданият, анын ичинде кино искусствосу тармагында кызматташтыкты бекемдөөгө убакыт келди. Мындай пикирин түштүк кореялык режиссер Чан Чоль Су "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, тилекке каршы, кореялыктардын кыргыз киносунан дээрлик кабары жок. "Мен да буга чейин кыргыз кинолорун көрбөптүрмүн. Кореялыктар менен кыргызстандыктардын көп окшош жактары бар экен. Кыргызстандын жаратылышы кооз, эли жөнөкөй жана маданияттуу. Биздин рухубуз да окшош деп ойлойм. Кыргызстан жөнүндө көргөнүмдү жана билгенимди сөзсүз корей режиссерлоруна айтып берем", - деди ал

Пикир

Оставить комментарий