• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 27.12.17. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы 2017-жылдын 30-декабрынан 2018-жылдын 1-январына чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрмө бекеттери убактылуу жабык болот.

2-январдан тарта бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий