• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер 3-апрелден тарта убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын “Цинмин” салттуу майрамынын майрамдалышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат.

“Унаалардын жана товарлардын өтүүсүнө 6-апрелден баштап уруксат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери атайын алгоритм менен иштөөдө. Бекет аркылуу Кытайдан Кыргызстанга бир гана товарлар өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий