• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз медициналык лаборатория Борбордук Азияда биринчи болуп эл аралык аккредитация сертификатын алат

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кыргыз медициналык лаборатория Борбордук Азияда биринчи болуп эл аралык ISO/IEC аккредитация сертификатын алат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, жугуштуу ооруларды аныктоонун сапатын көзөмөлдөөчү Кыргыз Республикалык илимий-практикалык борбору (ЖОАСКРИПБ) "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин расмий аземинде эл аралык ISO/IEC 17043 аккредитация сертификатын алат.

ЖОАСКРИПБ – сапатты сырттан баалоо программасын иштеп чыгуучу жана ишке киргизүүчү, жугуштуу ооруларды аныктоо лабораториялары үчүн квалификацияны текшерүүчү улуттук лаборатория. Ал кыргыз медициналык лабораторияларынын сапатын көзөмөлдөөнү жүргүзөт, ошондой эле аныктоонун жаңы усулдарын, өлкөгө сырттан кирүүчү тестик топтомдордун тактыгын текшерет. Бул врачтарга диагнозду бат жана так коюуга жана дарылоону эрте баштоого жардам берет, ошентип ден соолукту коргоо жана бейтаптардын өмүрүн сактоого көмөлгө түзөт.

Лабораториянын ишин текшерүү жана мониторингдөө үчүн, же, эгер техникалык терминди колдонсок, квалификацияны текшерүүнү жүргүзүү үчүн ISO/IEC 17043 эл аралык таанылган стандарт болуп эсептелет. Квалификацияны текшерүү лабораториялык сапат процедурасынын айрылгыс бөлүгү болот: ал коомдук саламат сактоонун, калкка кызмат кылуунун эң маанилүү тармагы болгон лабораторияны үзгүлтүксүз өнүктүрүүгө алып келет.

Кыргыз ЖОАСКРИПБ –ISO/IEC 17043 эл аралык аккредитациясын Борбордук Азияда биринчилерден болуп алган лаборатория. Бул өлкөдө жана аймакта саламаттык сактоонун эң чоң жетишкендиги. Квалификацияны текшерүү эл аралык аккредитациялоо программасына катышуу менен Кыргызстандын лабораториясы изилдөөлөрдүн сапатын, өлкөнүн бардык аймактарында бейтаптарга медициналык жактан тейлөөнү жакшырта алат жана ишенимдүү жыйынтыктарды камсыз кылат. Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн медициналык лабораториялары дагы квалификацияны текшерүүнү жүргүзүү үчүн ЖОАСКРИПБ кызматын колдоно алышат.

Пикир

Оставить комментарий