• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Тук-тук. Бул жерде гений төрөлүп жатат». «БТА Банктын» кардары Кызыл-Кыяда жеке медициналык борбор иштетүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Ката кетирүүгө укугу жок адис. Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы аймактар аралык бейтапканасынын төрөт бөлүмүндө акушер-гинеколог Айнура Завытахунова 25 жылдан бери эмгектенип келет. Учурда ал ургенттик врач жана эне-баланы үйүнө чыккыча көзөмөлдөөчү дарыгер. Мындан сырткары жеке «Гинекология» медициналык борборун иштетет. «Бакай Банкка» биригип жаткан «БТА Банктын» туруктуу кардары дарыгерлик менен бизнести кандай айкалыштырып жатканын айтып берди.

Кызыл-Кыя шаарындагы аймактар аралык бейтапкананын төрөт бөлүмү. Төрөткана 70 орунга эсептелип баардыгы болуп 9 төрөт залы бар. Ар биринин каалгасынын сыртында «Тук-тук. Бул жерде гений төрөлүп жатат» деген жазуусу бар такта илинип турат. Жарык дүйнөгө алып келе турган наристесинин гений деп аталганы, төрөткө кирип бара жаткан эне үчүн кандай сезимдерди тартуулайт, элестетип көрүңүз.

Күн сайын 10-15 наристе төрөлөт. Көз жарган энелер ымыркайлары менен Айнура Завытахунованын камкордугуна алынат.

«Жаңы төрөп жаткандарга баланы кантип эмизиш керек, киндигине кандай кам көрүү зарыл? Мына ушул сымал эрежелерди түшүндүрүп, кеп-кеңеш беребиз. Эне-баланын абалы, эмне тынчсыздандырууда, кандай маселелери бар, баарын карап, чечип беребиз», - дейт Завитахунова.

Төрөтканада 50 жаштагы Завытахунова ургенттик менен да алектенет, ургенттик врач деп коет. Кош бойлуулар калаа эле эмес, Баткендин Кадамжай, Ноокат жана Ош областынын Араван райондорундагы айыл-кыштактардан бери келишет. Арасында абалына байланыштуу ден соолугунда көйгөйлөр жаралгандар да бар.

«Бейтаптарга хирургиялык кийлигишүү керек болуп калганда жардамга мен келемин. Операция жасайбыз. Ургенттик абал – бул пациенттин саламаттыгынын эң оор абалы, эгер тез жардам берилбесе кесепети кейиштүү да болушу мүмкүн», - дейт дарыгер.

Айнура Завытахунова Фрунзеде медициналык институтту бүтөөрү менен ушул мекемеге келип орношкон. Андан бери дээрлик 25 жыл өттү. Жети жыл мурун жеке ишин ачууну чечкен.

«Мындан жети жыл мурун гинекологиялык жеке кызматтарды көргөзүүчү борбор ачкам. Бирок жаш кезимен бери иштеп келе жаткан төрөтканадан биротоло кетким келген жокмун. Бир жагынан операция кыла турган дарыгерлер да тартыш», - дейт Айнура Завытахунова.

Жеке медициналык борбордогу кымбат баалуу аппараттарды «БТА Банктын» насыясына алган

Баары, «Бизнес ачкым келет» деген изги тилектен башталган. Кызыл-Кыя шаарындагы гинекологиялык кызмат көрсөткөн жалгыз жеке клиника башка районго көчүп кеткенден кийин, Айнура Завытахунова бул боштукту толтурууну чечет. Эмнеге болбосун, тажрыйбасы жетиштүү. Жарак-жабдык жагын болсо «БТА банктын» насыясы менен чечип алган.

«Өзүңүздөр билгендей гинекологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн сапаттуу кальпоскопия, эрозияны текшерген жана аны дарылаган жабдык, радиотолкундуу аппараттар, УЗИ жабдыктары керек. «БТА банктын» насыясын дал ушул жарак-жабдыктарды сатып алууга жумшадым. Азыр менин клиникамда керектүү аппараттардын баары бар», - дейт акушер-гинеколог.

Борбордо үч адам иштейт: акушер-гинеколог – өзү Айнура Завытахунова, медайым жана санитарка. Күн сайын 10-15 аялды кабыл алышат. Төрөттөн башка кызматтардын бардыгы бар. Патологиялар, инфекция, эрозия, миома сыяктуу гинекологиялык илдеттер менен иштешет. Мындан сырткары кош бойлууларды каттоого алып, айымдардын абалын жана түйүлдүктүн өсүшүн көзөмөлдөп турушат.

Менин максатым миллионер болуу эмес, менин максатым сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү

Айнура Завытахунова аймактагы айымдардын социалдык абалы менен жакшы тааныш. Тиричилик, балдар, жумуш деп жүрүп өздөрүн карабай калгандар деле бар. Карайын десе каражат жетишсиз. Убагында медициналык текшерүүдөн өтпөй, убагында дарыланбай жүрө беришет. Өз чөнтөктөрүнө иштей элек, каражаттан көз каранды жаш келиндер келишет.

«Албетте, коюлган баа бар, андан жылбайбыз деген туура эмес. Келген айымдардын абалына, төлөй алуу мүмкүнчүлүгүнө карайбыз. Айрымдарга арзан баада кызмат көрсөтөбүз, кээ бирлерди акча албастан бекер эле көрөбүз. Аймактарда билесиңер, акча жок», - дейт акушер-гинеколог.

Бизнеси ачылган 7 жылдан бери Айнура Завытахунова «БТА Банктын» туруктуу кардары. «БТАнын» насыясын бизнесин өнүктүрүү жана аппараттардын жаңы түрлөрүн сатып алуу үчүн алат.

«Негизинен «БТА Банктан» насыя алып келем. Алган насыяны бизнесимди өнүктүрүүгө колдоном, аппараттарды сатып алууга салам. Ишкерликтен сырткары, квартира сатып алганга да насыя алганмын. «БТА Банк» мен үчүн абдан жакшы банк болду, кызматкерлери абдан сезимтал. Иштеген кызматкерлер кыздар, балдар, эжелер иштерин мыкты билишет. Насыя саясаты абдан ийкемдүү десем болот», - дейт акушер-гинеколог.

Айнура Завытахунова «БТА Банктын» «Бакай Банкка» биригип жатканы боюнча кененирээк маалымат алып, башка банкка кетүү ниети жок экенин билдирди. Бириккен жаңы банктын кардары катары анда азыркыга караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр болот: филиалдардын, сактык кассалардын, банкоматтардын саны эки эсеге көбөйүп, эки банктын эң мыкты тажрыйбалары өнүктүрүлүп, кызмат көрсөтүү деңгээли жогорулайт. «Бакай банк» филиалдар түйүнүнүн саны боюнча Кыргызстандагы бардык каржы уюмдарынын ичинен 4-орунда, уставдык капиталынын көлөмү боюнча 3-орун, ал эми активдер жана насыялык портфел боюнча 6-орунда болот. Учурда биригүү процесси акыркы баскычтардан өтүүдө. Бириккен банк 2020-жылдын башында «Бакай Банк» аталышы менен ишмердигин улантат.

Пикир

Оставить комментарий