• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. 18-майда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 18-майда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов - темир жол линиясы чектешкен аймакта, ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий