• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйыны өтөт

Президент 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында, эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйыны 2018-жылдын 27-мартына пландалган.

Пикир

Оставить комментарий