• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Кыргыз Республикасына инвестициялоо” аттуу кыргыз-кытай бизнес-форум өттү

Коом 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. 24-июнда “Кыргыз Республикасына инвестициялоо” аттуу кыргыз-кытай бизнес-форуму онлайн жана офлайн түрүндө өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги, КР Тышкы иштер министрлиги, Чет өлкөлөрдө ишканаларды өнүктүрүү Кытай ассоциациясы биргеликте уюштурган. Ага 350дөн ашуун кытай компанияларынын өкүлдөрү жана жеке инвесторлор катышты.

Бизнес-форумду КРнын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев ачты.

Андан тышкары, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары Рахман Аданов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармасынын төрайымы Аида Төлөгөнова жана чет өлкөлөрдө ишканаларды өнүктүрүү Кытай ассоциациясынын төрагасы Хэ Чжэньвэй сөз сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин, президенттин Баткен облусундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун, "Кыргызиндустрия" ААКтын, "Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду" ААКнын, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишкананын жана Кыргызстандын күн жана шамал электростанцияларынын ассоциациясынын жетекчилери жана өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана ар кандай чөйрөдөгү долбоорлор тууралуу маалымат беришти.

Кытай компаниялары кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкчылыгын билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар өз ара байланыштарды жигердендирүүгө, анын ичинде Кыргызстанга кытай бизнес тобунун сапарын уюштурууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий