• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анын ичинен президенттин 3 жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 1406 - чоң адамдар жана 248 - балдар, көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.) 1 жарлыгы 1170 адамды (анын ичинен 934 - чоң адамдар жана 236 - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий