• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-октябрда саат 09:10до Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектешкен аймагында катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 баллга, ал эми Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Джоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий