• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар ортосунда чыр чыкты (видео)

Аймак 0


Бишкек, 03.04.18. /Кабар/. Баткен облусунда чек арада жайгашкан Үч-Дөбө жана Мачаъи айылдарынын жашоочулары ортосунда чыр чыккан. Азырынча чатак эмнеден келип чыккандыгы белгисиз.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынан окуяны тастыкташты. Алар билдиргендей, учурда жеринде чек ара жана күч органдарынын кызматкерлери иш алып барышууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Социалдык түйүндө окуядан тартылып алынган видео жарыяланган. Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып жаткандыгын көрүүгө болот.

Видеону фейсбук барачасына Каныбек Алиев жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий