• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Вице-премьер Мадумаров Баткен облусуна кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Баткен облусуна кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат.

Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий