• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов: Өкмөт ишиндеги негизги артыкчылыктуу багыт – COVID-19га байланыштуу жаралган экономикалык жоготууларды токтотуу

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ишиндеги негизги артыкчылыктуу багыт – COVID-19га байланыштуу жаралган экономикалык жоготууларды токтотуп калуу. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Экономикалык кайра түзүүлөр ИДПнын жыл сайын өсүү темпинин 4%дан кем эмес камсыздоо болчу. Биз 2019-жылдын жыйынтыгы менен аны 4,5%га аткардык. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүк басаңдады. Май айынын жарымына чейин экономикалык кыймыл токтоду. Өкмөт эпидемиологиялык кырдаал күч алганга чейин өлкөнүн экономикалык болжолдорун эсептеп чыккан. Анда болжол менен ИДПнын көлөмү 5,3%га чейин кыскарат деп болжолдонгон.

2020-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 186,3 млрд сомду түзүп, 4,8%га кыскарды. Кумтөр кенин кошпой алганда, бул көрсөткүч 6,4%га азайды. Түз эле айтышым керек, менин максатым – экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ИДПнын төмөндөөсүн болжолдонгон 5,3%дан ылдый түшүп кетпөөсүн камсыз кылуу», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий