• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47,05 чакырымы такталды

Саясат 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн.

"Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий