• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 46 жаштагы жаран бычак жеп каза болду. Шектүү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Баткенде 46 жаштагы жаран бычак жеп каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.

Кырсык тууралуу милицияга 13-декабрда таңкы саат 06:55те билдирүү түшкөн.

Аталган факт Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-тергөө топ барган.

Маалым болгондой, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну 46 жаштагы А.К. денесинен жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилган. Бирок ооруканада каза болгон.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, алынган заттарды жыйнап, аларга тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Көп өтпөй кылмышка шектүү делип Баткен шаарынын 40 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү мурда соттолгон.

Кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий